Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:00

Эрдоган: Сирияда жарандык согуш башталышы этимал


Түркиянын премьер-министри Сирияда жарандык согуш чыгып кетиши мүмкүн дейт. Режеп Тайып Эрдоган "сириялык аллавилер менен суннилер ортосунда жарандык согуш тутанып кетет" деп кооптонгонун Каирдин “ас-Шорук” гезитине курган маегинде айтты.

Сириянын калкынын көбү суннилер. Бирок өлкөнү алваит мусулмандарынан чыккан Ассаддардын үй-бүлөсү соңку 40 жылда башкарууда. 26-январдан бери президент Башар Ассаддын башкаруусуна каршы нааразылык чыгуулар уланууда. Бул арадагы кагылышууларда, БУУнун эсебинче, 2 600дөй адамдын каны төгүлгөн.

Эрдоган азыр Египетте ырасмий сапарда жүрөт. Андан ары Туниске жана Ливияга барат. Визит Түркия-Израил алакасы начарлаган чакта Араб мамлекеттери менен мамилени бекемдөө максатын көздөөдө.

XS
SM
MD
LG