Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Бишкекте "Бул биздин жашообуз" аттуу көргөзмө ачылды


Бүгүн Бишкекте "Бул биздин жашообуз" деп аталган эл аралык сүрөт көргөзмөсү ачылды. Борбор Азиядагы Америка университетинин имаратында өтүп жаткан бул көргөзмөдө коомдук турмуштагы социалдык маселелерди чагылдырган сүрөттөр коюлган. Алардын авторлору - ошол турмуштун негизги каармандары болгон карапайым адамдардын өзүлөрү.

Көргөзмөнү англиялык окумуштуу-социолог Винсент О'Брайен 2006-жылдан бери кызматташып келаткан кыргызстандык "Ак-Терек" коомдук фонду менен биргеликте уюштурган.

"Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, бир апта бою өтүүчү бул фотокөргөзмөгө жүзгө жакын сүрөт коюлган. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG