Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:19

Президент кыйноолорду тыюуну тапшырды


Мамлекет башчы Роза Отунбаева мындай тапшырманы "Кыйноолорду алдын алуу жана азайтууда Байкоочу кеңештердин ролу" деп аталган жыйында милиция жана коопсуздук кызматынын башчыларына тапшырды. Президент кыйноолорду азайтуу боюнча кескин чараларды көрүү керектигин белгилеп, колдон келсе көз карандысыз сот-медэкспертиза, тергөө органын түзүү зарылдыгын билдирди.

Жыйынга күч түзүмдөрүнүн башчылары, прокурорлор, сот органынын, жарандык коом өкүлдөрү катышты. "Дордой" базарынын кесиптик кошуун төрайымы Дамира Дөөлөталиева милиция кызматкерлери базарга келген ишкерлерди тоноо менен алектенишеринен мамлекет башчыны кабардар кылды. "Ишкерлердин акчасын алуу үчүн аларды уруп, сабап, кабыргаларын сындырган учурлар көп, алардын үстүнөн прокуратура органдарына арызданууларыбыз эч кандай натыйжа бербей келе жатат" деп нааразы болду Дамира Дөөлөталиева.

Кечээ мамлекет башчынын катышуусунда күч түзүмдөрүнүн Байкоочу кеңештери жалпы отурумга чогулушкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG