Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

"Ата Мекен" кыздардын 16 жаштан турмушка чыгышына каршы


Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын бүгүн өткөн жыйынында "Үй-бүлө жөнүндөгү" Кодекске кыргызстандык кыздардын 16 жаштан тартып турмушка чыгышына уруксат берген норманы киргизүүгө каршы чечим кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, "атамекенчилер" кыздар 18 жашка чыкканда гана үй-бүлө кура алат деген норманы бекитүү зарыл деп эсептешет. Тиешелүү мыйзам долбоору боюнча маалымат берген калкты социалдык жактан коргоо министринин орун басары Гүлнара Дербишеванын айтымында, аталган мыйзам долбоору "Үй-бүлө жөнүндөгү" Кодексти жаңы Конституцияга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG