Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Орусиялык мыйзам чыгаруучулар Сирияда


Кээ бир кабараларга караганда, орусиялык бир нече депутаттар Дамаскиге барышты. Алар президент Башар Ассад менен оппозиция мүчөлөрүн сүйлөшүүлөргө көндүрүү аракетин көрүшмөкчү.

Интерфакстын маалыматына ылайык, Федерациялар кеңешинин төрага орун басары Илияс Умарханов “Орусия ички тынчтык диалогуна көмөктөшүүгө даяр” деп билдирди. Делегация Ассад менен качан жолугары белгисиз. Дамаск өкмөтү демократиячыл демонстранттарды куугунтуктап жатканына карабай, Москва Ассад режимине колдоосун улантууда. БУУнун болжолуна караганда, өкмөткө каршы чыгуулар башталгандан бери Сирияда 2 миң 600дөн ашуун киши каза тапты.

XS
SM
MD
LG