Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:28

Латвияда орустар жактаган партия утту


Латвиядагы эрте шайлоону орус азчылыгынын кызыкчылыктарын жактаган борборчул-солчул партия жеңди. “Мунаса борбору” деп аталган партияга добуштардын 29,2 пайыздайы тийди. Экинчи орунду 20,5 процент добуш менен экс-президент Валдис Затлерстин "Реформалар" партиясы ээледи. Учурдагы премьер Валдис Домбровскистин партиясы марага үчүнчү болуп келди. Парламент мандаттары 5 партияга тиймекчи.
Бирок аналитиктердин болжолунда, "Мунаса борбору" коалиция түзүү үчүн шерик таба албай, оппозицияда калат.

Балтика боюндагы бул мамлекет СССРден чыккандан кийин бир да жолу жергиликтүү орустар колдогон партия өкмөткө кирген эмес. Орустар Латвия калкынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Буга чейинки парламент коррупция ишине байланыштуу таркатылган.

Расмий маалыматка караганда, кечээки шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 56 проценти катышты.

XS
SM
MD
LG