Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Кызыл Ай коомун Эсеп палатасы текшерүүдө


Улуттук Кызыл Ай коомунун Бишкектеги кеңсесинде Эсеп палатасынын жана Каржы полициясынын кызматкерлери текшерүү жүргүзүп жатышат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" демилгечи Аида Айтпаева маалымдады. Анын айтымында, аталган уюмдун мурдагы жетекчиси Роза Шаяхметовага карата мурда кылмыш иши козголгон. Ал мүлк уурдоого жана жасалма документтерге тиешеси бар деп шектелүүдө. Бирок, Шаяхметова кызматтан август айында четтетилсе дагы анын мурдагы ишмердүүлүгүн текшерүүгө буга дейре мүмкүнчүлүк берилбей жаткан.

Ушу тапта Кызыл Ай коомунун кеңсесинин алдында 20дан ашык адам чогулуп турушат. Алар Шаяхметова донорлордун кайрымдуулукка жиберген акчасын жеп алган деп айыптап жатышат. Буга чейин ушундай нааразылык акциялары Нарында да өткөн. (RK/MTo)

XS
SM
MD
LG