Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:08

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан экс-президент Раббани мерт болду


Afghanistan -- Peace Council head Burhanuddin Rabbani speaks during a news conference in Kabul, 14Oct2010
Afghanistan -- Peace Council head Burhanuddin Rabbani speaks during a news conference in Kabul, 14Oct2010
Ооган полициясынын өкүлү билдиргендей, өлкөнүн Жогорку Тынчтык кеңешинин төрагасы, мурдагы президент Бурхануддин Раббани Кабулда өз үйүнө жасалган жардыруу учурунда каза тапкан. Кабул полициясынын өкүлү Хашматулла Станикзайдын айтымында, жанкечти жардыручу затты селдесине катып кирген. Жардыруудан дагы төрт киши жаракат алган.

Ооган өкмөтүнүн атын атагысы келбеген өкүлүнүн “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган кызматына айтканына караганда, жардырууну талиптердин Раббани менен жолугууну өтүнгөн жогорку даражалуу командири жасаган. Ал өзүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүчүлөр турган кезде жардырып жиберген.

2010-жылы түзүлгөн Жогорку Тынчтык кеңеши ооган өкмөтүнүн талиптер менен сүйлөшүү аракеттерин жетектеп жаткан эле. Бирок өлкөдөгү жаңжалды саясий жол менен чечүү багытында иш жүргүзүүчү бул орган андан бери олуттуу деле жылыш жасай алган эмес.

Улуту тажик Раббани президент катары ооган өкмөтүн талиптер бийликке келгенге чейин башкарган. 1996-жылы Кабулдан сүрүлүп чыгарылгандан кийин Түндүк альянстын лидери болгон. Анын киши колдуу болушун коңшу Пакистандын президенти Асиф Ари Зардари, премьер-министри Юсуф Риза Гилани биргелешкен билдирүүсүндө айыпташты.

БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн АКШга барган ооган президенти Хамид Карзай, анын басма сөз катчысынын айтымында, Раббани өлтүрүлгөнүнө байланыштуу сапарын кыскартып, мекенине кайтканы жатат.

XS
SM
MD
LG