Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Куткаруучу иш үстүндө курман болду


20-сентябрда саат 23:05 чамасында ГЭС-2 аймагында Кичи-Чүй каналына чөгүп кеткен белгисиз адамдын сөөгүн издөө учурунда Бишкек шаардык “Куткаруу кызматынын” суучулу Мусаев Сталбек чөгүп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов билдирди.

Куткаруучулар 35 жаштагы Мусаевдин сөөгүн саат 02:30да таап алып чыгышкан. Азыркы убакта Сталбек Мусаевге байланышкан кырсык боюнча тиешелүү мекемелер жана ӨКМ тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG