Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Кытайда суу ташкын 100дөй адамды жалмады


Кытайда бир айдан бери уланып жаткан суу ташкында набыт болгон адамдардын саны 90го жетти. Дагы 22 адамдын дареги жок. Ырасмий бийликтер Түштүк батыш жана Ортолук Кытайдагы тогуз провинцияда табигый кырсыктын кесепетинен 1 миллионго жакын адам коопсуз жайларга шашылыш чыгарылганын кабарлады. Улуттук метеорология кызматынын маалымдашынча, 40тан ашык дарыя жээгинен чыгып кеткен жана келерки эки күндө Түштүк Кытайда нөшөрлөп жамгыр төгөт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG