Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Отунбаева Кыргызстандын БУУдагы талапкерлигин колдоого чакырды


Президент Отунбаева Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Баш Ассамблеясында БУУнун мүчөлөрүн Кыргызстандын Коопсуздук кеңештеги туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоого үндөдү:

- Кыргыз Республикасы деңизге чыга албаган, кичинекей жана өткөөл экономикадагы өлкөлөр тобуна кирет. Ошондой эле жаш демократиялуу, калкы бир нече динди карманган республика катары Коопсуздук кеңешинде баардык категориядагы өлкөлөрдүн өкүлчүлүгү болушун жактайт. Ушундан улам мен БУУга мүчө өлкөлөрдүн делегацияларын Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдоого чакырам.

БУУнун Башкы ассамблеясы Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу эмес он орундун бешөөнү эки жылдык мөөнөт менен улам жаңыртып турат.

"Азаттык" буга чейин маалымдагандай, Кыргызстан 2012-2013-жылдары БУУнун маанилүү чечимдерди кабыл алуучу Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу эмес он орундун бирөө үчүн Пакистан менен атаандашууда. (UE)

XS
SM
MD
LG