Кеменин бортунда 200 тоннадай күмүш бар жана ал бүгүнкү баа боюнча 230 миллион доллардай акча болот. Кемени тапкан америкалык Odyssey Marine фирмасы эгер 4 миң метрдей тереңдикте жаткан баалуу металлды океандын түбүнөн чыгарса, келишимдин шарттары боюнча анын 80 пайызын алат. Тарыхый маалыматтарга караганда, Британиянын Индиядан келе жаткан "Геирсоппа" кемеси 1941-жылы Германиянын суу алдында жүрүүчү кайыгынын чабуулунан соң чөгүп кеткен экен.