Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Транзиттик борборго май ташуу макулдашылды


"Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" компаниясы "Манас" аба майданындагы Транзиттик ташуулар борборун күйүүчү май менен камсыз кылмай болду. Бул боюнча бир жылдык контрактка 26-сентябрда АКШнын Коргоо министрлиги жана "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" кол коюшту. Бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда ал тууралуу журналисттерге Кыргызстандагы АКШнын элчиси Памела Спратлен, Орусиянын элчиси Валентин Власов, мамлекеттик мүлк министри Даир Кенекеев айтып беришти.

Май ташып келүү бир жарым айдан кийин башталат. Ортомчу компаниялар болбойт. Алгачкы айлары Транзиттик борборго талап кылынган керосиндин 20 пайызын, токсон күндөн кийин 50 пайыздан ашыгын камсыз кылып турат. Мындан Кыргызстан бюджети жүз миллиондогон сом киреше алаары күтүлүүдө.

Буга чейин Транзиттик борборду кара май менен камсыз кылып келаткан "Мина корп" компаниясы бакиевдик бийликтин финансылык махинацияларына катыштыгы болгон деген жүйөө менен жаңы бийлик аны менен кызматташууну токтотуу керектигин АКШдан өтүнгөн.

Транзиттик жүк ташуулар борбору Ооганстанда антитеррордук операцияга катышкан учактарды тейлейт. Аны АКШ өкмөтү каржылайт. "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан" компаниясы кыргыз-орус биргелешкен ишкана болуп эсептелет. (RK)

XS
SM
MD
LG