Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:46

29-сентябрга карата аба ырайы


29-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, калган облустардын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 6-11, күндүз 15-20,
Талас облусунда түнкүсүн 3-8, күндүз 15-20,
Баткенде түнкүсүн 8-13, күндүз 19-24 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарныда түнкүсүн абанын температурасы 9-14, күндүз 21-26 градус,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6-11, ал эми күндүз 16-21,
Нарында түнкүсүн 1-6, күндүз 17-22 градус болот.
Тоолордо түнкүсүн 1 градустан 6 градуска чейин суук, ал эми күндүз 2 градустан 5 градуска чейин нөлдөн жогору болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт.Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 17-19 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 8-10 градус, күндүз 17-19 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG