Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

АКШ “Хаккани” түйүнүн террордук уюм катары таануу алдында


Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун билдиргенине караганда, өкмөт азыр бул маселе боюнча чечим кабыл алуу үчүн консультациялардын жыйынтыктоочу баскычына келип калды. Клинтон белгилегендей, АКШ өкмөтү кыймылдын башкы лидерлерин буга чейин эле террорчу катары тааныган. Эми Пакистандагы “Хаккани” түйүнү террордук топ деп расмий аталса, америкалыктардын бул топко колдоо көргөзүүсүнө тыюу салынат. Кокус уюмдун АКШда активдери болсо алар тоңдурурулат.

АКШ ушул айдын ортосунда Кабулдагы элчиликке жана башка жайларга жасалган кол салууну ушул топтон көрүүдө жана “Хакканиге” колдоо көргөзгөнү үчүн Пакистандын аскерий чалгын мекемесин айыптаган. Расмий Исламабад болсо бул айыпты четке какты.

XS
SM
MD
LG