Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Улут аралык жаңжал чыгарууга аракеттенгендер бар деп айтылууда


Шайлоо учурунда Кыргызстанда улут аралык жаңжал чыгарууну каалагандар болушу мүмкүн. Мындай чагымчыл аракеттердин алдын алуу зарыл. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин жыйынында айтылды. Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, "айрым жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарынын жана Интернет-ресурстардын деструктивдүү аракеттери абалды оорлотууда". Аларда жарыяланган маалымат улуттук-сепаратисттик уюмдардын лидерлери тарабынан жазылып жатканы да айтылды. Шайлоо 30-октябрда өтөт. Учурда талапкер болуп катталбай калган он чакты адам БШК менен чырлашууда. (RK)

XS
SM
MD
LG