Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Кавказдагы согушкерлер “ал-Кайидадан” акча алууда


“Ал-Кайиданын” Орусиянын Түндүк Кавказ чөлкөмүндөгү исламчыл согушкерлерге көрсөткөн колдоосу, анын ичинде акчалай колдоосу өсүп жатканы жөнүндө Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр боюнча Вашингтондогу борбордун баяндамасында айтылат. Анда белгиленгендей, “ал-Кайида” жихадды Чеченстан менен Кавказдагы можахеддерге жайылтууда чечүүчү роль ойноодо.

Баяндаманын автору Гордон Хандын айтымында, Кавказдагы согушкерлердин чечен лидери Доку Умаров Кавказ эмиратын глобалдык жихад кыймылы менен бириктирүүгө чакырган.

Козголоңчулар түзүүнү максат кылган Кавказ эмираты Кара деңизден Каспийге чейин созулуусу керек.

Орус президенти Дмитрий Медведев Кавказдагы козголоңчуларды өлкөнүн коопсуздугу үчүн башкы коркунуч деп атаган.

Москва Доку Умаровду камакка алууну же жок кылууну көздөп келет. Буга чейин анын өлгөнү бир нече ирет маалымдалып, бирок ырасталган эмес. АКШ болсо Умаровдун камакка алынуусуна алып баруучу маалымат үчүн 5 миллион доллар сыйлык жарыялаган.

XS
SM
MD
LG