Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:30

Шайлоого карата студенттер таратылбайт


Кыргызстандын студенттерин шайлоо учурунда окуудан бошотуу тууралуу чечим жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Керез Жукеева билдирди. Анын айтымында, окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт.

Айрым интернет-булактарында президенттик шайлоого карата студенттер окуудан бошотулат деген маалымат чыккан. Адатта Бишкектеги ири жогорку окуу жайлардын, өзгөчө Кыргыз улуттук университетинин студенттеринин шайлоо учурунда добуш бергендердин санын көбөйтүүдө ролу чоң экени айтылып келчү. Бирок былтыр парламенттик шайлоо учурунда КУУнун мурдагы ректору Аалыбек Акунов расмий түрдө университеттин жамаатына шайлоо иштерине, үгүткө катышууга жана студенттерге басым жасоого тыюу салган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG