Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Соттордун үстүнөн түшкөн арыздар каралат


Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин билдиришинче, 6-октябрда Сотторду тандоо кеңешинин кезектеги отуруму болот. Анда Конституциялык палатанын жана Жогорку Соттун судьялыгына сунушталган 14 талапкер боюнча маселе жана соттордун үстүнөн түшкөн арыздар каралат.

14 талапкер Сотторду тандоо кеңешинен өтүп, президенттин да жактоосуна ээ болуп, Жогорку Кеңешке сунушталган болчу. Бирок мамлекет башчысы алар боюнча сунушун кайра кайтарып алган.

Сотторду тандоо кеңеши түзүлгөн 4 айдын ичинде ага жарандардан 743 даттануу жана арыз келип түшкөн. Аталган кеңеш өлкөдө иш билги жана акыйкат сот системасын калыптандыруу үчүн түзүлгөн. Судья болом дегендердин баары анын элегинен өтүүгө милдеттүү. (RK)

XS
SM
MD
LG