Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Греция: жаңы экономикалык көмөк чечими кийинкиге калтырылды


Еврошериктештикке кирген өлкөлөр Грецияга эл аралык каржылык жардам иретинде 8 млрд евро бөлүү чечимин 13-октябрга чейин токтото турууну кабылдашты.

Дүйшөмбүдө Люксембургдун премьер-министри Жан-Клод Юнкер маалымдагандай, Евробиримдиктеги 17 өлкөнүн каржы министрлери Грециянын каржылык милдеттемелерин аткаруусун кайрадан карап көрүүнү чечишти. Ошондон кийин насыя берүү маселеси талкууланат.

Жекшембиде Афина Грециянын каржылык тартыштыгы насыячылар алдындагы милдеттенген көрсөткүчтөн көп болорун жарыя кылган.
Евробиримдик жана Эл аралык валюта кору грек бийлигинен каржылык каатчылыктан чыгуу үчүн чыгымдарды кескин кыскартууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG