Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:29

ЖК спикери мамлекет башчысына доомат артты


Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков Кыргызстандын президенти Конституцияга кепилдик жана мыйзам чыгаруу укугуна ээ эмес деп билдирди. Президент Роза Отунбаеванын Судьяларды тандоо кеңешине жолдогон катын буюртма, сабатсыз кат деп, айрым учурларын "нааданчылык" катары баалады. "Бүгүн соттук системаны коллизия кылып, иштебей жатканына түздөн түз президенттин аппараты күнөөлүү" деди Келдибеков. Мындай билдирүүнү төрага бейшемби күнкү парламент сессиясында жасады.

Президент Роза Отунбаева бир күн мурда (5-октябрда) Судьяларды тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиевге кат жолдоп, мыйзамсыз басымдарга алдырбоого чакырган.
Катында президент Отунбаева 28-сентябрда фракциялардын лидерлеринин макулдугу менен Президенттин алдында жумушчу комиссия түзүлгөнүн, комиссияга Конституциялык мыйзамдардагы сот түзүмүнө байланышкан өксүктөрдү кезексиз түзөтүп, парламентке сунуштоо милдети жүктөлгөнүн жазган.

Жогорку Кеңеш болсо өз кезегинде 30-октябрда Президент кайтарып алган судьяга талапкерлерди чукул кароону Сотторду тандоо кеңешине тапшырган. Мындай мамилени президент сот реформасын жүргүзүү жаатында депутаттык корпустун ичинде пикир келишпестик катары баалаган.
Отунбаева ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун жана комитет төрагасы Садыр Жапаровдун Соттор Кеңешинин, Сотторду тандоо кеңешинин, Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин жана башка тараптардын пикирин эске албай, кандай жол менен болсо да судьяларды шайлоого жетишүү "Судьяларды тандоо кеңеши жөнүндөгү" мыйзамды бузат деп жазган.
Сотторду тандоо кеңеши иш билги жана көз каранды эмес сот системасын түзүү максатында июнь айында түзүлөн. (BuS)

XS
SM
MD
LG