Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:21

Клинтон: Кытай жана Орусия Сирия элине түшүнүк берсин


БУУнун Коопсуздук кеңеши 5-октябрда Сирия боюнча резолюцияны четке кагып, “өз милдетин аткаруудан качты”. Мындай билдирүүнү АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон жасады:

- Коопсуздук кеңеши тынчтыкты жана карапайым жарандардын коопсуздугун коргоо жөнүндөгү өз милдетине көңүл кош мамиле кылды деп санайбыз. Добуш берүүгө коюлган резолюцияда бир нече айдан бери Асаддын режими Сирия элине жасап жаткан зомбулукка байланыштуу эл аралык коомчулук ооз ачып койчу сөз бар эле. Резолюцияга вето жарыялаган өлкөлөр Сирия элине түшүндүрмө бериши шарт.

Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Кытай жана Орусия Сирия өкмөтүнө каршы ар кандай санкция колдонууга каршыбыз деп, Батыш өлкөлөрү сунуш кылган резолюцияны колдобой коюшкан.

БУУнун эсебине ылайык, мартта Асаддын бийлигине каршы эл козголгондон берки тирешүүлөрдө 2 700дөн ашуун адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG