Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Парламенттин кире бериштерин митингчилер тосушту


Жогорку Кеңештин имаратына кирүү бүгүн улам жабылып жатканын "Азаттыктын" кабарчысы маалымдоодо. Эртеден баштап парламенттин алдына "Сотторду тазалоо үчүн" деп аталган кыймылдын 100дөй өкүлү жана эки миңдей темир жолчу чыгып эки митинг өткөрүп жатышкан. Бирок алардын айрым өкүлдөрү имараттын кире бериштерин тосуп, эч кимди киргизбей жатканы айтылды. Парламенттин жыйынын өткөрүп жаткан төрага Ахматбек Келдибеков Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге тез арада кире бериштердеги тартипти калыбына келтирүүнү талап кылды. "Сотторду тазалоо үчүн" кыймылы судьялык кызматтарга коррупциялык иштерге аралашкан адамдар өтүүгө аракеттенип жатканын айтып, каршылык акцияларын өткөрүп келет. Ал эми темир жолчулар "Кыргызтемиржол" улуттук компаниясын текшерүү демилгесин көтөргөн депутаттарга каршы чыгып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG