Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

АКШ башындагы күчтөрдүн Ооганстанга киргенине 10 жыл


7-октябрда АКШ башындагы эл аралык күчтөрдүн Ооганстанга басып киргенине 10 жыл толду. АКШ менен Британиянын ооган союздаштары колдогон жортуулдун максаты талиптерди бийликтен кулатуу жана 2001-жылдын 11-сентябрында АКШ шаарларында болгон террордук чабуулдардын уюштуруучусу “ал-Кайиданы” таш-талкан кылуу эле. Террордук чабуулдарда 3 миңге чукул адам набыт болгон.

АКШ, Британ аскерлери бир нече аптада талиптерди Кабылдан кууп чыгып, көп узабай азыркы президент Хамид Карзайдын өкмөтү орнотулат. Бүгүн да Ооган жеринде талип адаватчылары менен согуш уланууда. Он жылдан берки согуш миңдеген оогандардын өмүрүн жалмады. Ошондой эле 2700дөй чет элдик аскер, анын ичинде 1700 америкалык катардан чыкты.

XS
SM
MD
LG