Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Атайын көчмө топ шайлоочулар тизмесин тактоодо


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматовдун “Азаттыкка” билдиришинче учурда БШК, “Таза шайлоо” биримдигинин байкоочулары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн турган көчмө (мобилдик) топ үймө-үй кыдырып шайлоочулар тизмесин тактоодо.

БШК буга чейин шайлоочулардын болжолдуу тизмесин БШК тактап бүткөндүгун маалымдаган. Бирок такталган акыркы тизме шайлоого үч күн калганда гана жарыяланат.

Бул жолку шайлоодо мурдагыдай добуш берүү маалында кошумча тизме түзүлбөйт. Жаңы эреже боюнча жалпы тизме шайлоого 40 күн калганда аймактарга жиберилип, атайын такталарга илинет. 30 күн калганга чейин ар бир шайлоочуга маалымдалып, бир ай ичинде шайлоочу кайра өзү жөнүндө маалымат так, же так эмес экендигин, тизмеде аты-жөнү бар-жогун билдириши керек.

Мындан тышкары башка жакта добуш берүү жагдайы түзүлүп калган шайлоочу ал тууралуу шайлоо комиссиясына 10 күн мурда маалымат бериши керек. Ошонун негизинде гана добуш берүүгө үч күн калганда шайлоочулардын такталган акыркы тизмеси бекитилет. (ЕК)

XS
SM
MD
LG