Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Талас: Өрттөлгөн кампа боюнча 7 адам суракка алынды


8-октябрга караган түнү Талас районундагы Талды-Булак кенин чалгындап жаткан Коппер голд компаниясынын тоо этегиндеги лагерин өрттөө фактысы боюнча аталган айылдын 7 тургуну райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери алып кеткен. Буга нааразы болгон эл чогулуп райондук милициянын имаратына чогулушкан деп билдирет “Азаттыктын” Таластагы кабарчысы Мирбек Айтикеев. Кармалгандардын бири Белек Молдалиевдин айтымында, ал ошол күнү тойдо көкбөрү тартып жүргөн. Ал эми Абил Кулдаев уктап жаткан жеринен милиция кызматкерлери таңкы бештер чамасында алып кетип, орто жолдон укук коргоо органдары тарабынан ур-токмоко алынганын айтты.Компаниянын өкүлдөрү болсо бүгүн тараткан маалыматында окуяны кылмыш деп санап, ага жергиликтүү тургундардын тиешеси жок экенин, бул уюшулган чакан топтун жасаган иши экенин айтты. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG