Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Путиндин Кытайда 2 күндүк иш сапары башталат


Орус өкмөт башчысы Владимир Путин Кытайга жасаган иш сапарында өлкө башчысы Ху Цзиньтао, өкмөт башчысы Вэнь Цзябао менен жолугат. Анда бир топ экономикалык жааттагы келишимдерге кол коюлаары айтылууда.

Ошондой эле саясий маселелер, анын ичинде Жакынкы Чыгыштагы абал да козголот. Өткөн жумада Орусия менен Кытай БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча антиөкмөттүк чыгууларды күч менен басып жаткан Дамаск өкмөтүнө каршы чара көрүү каралган резолюция долбооруна вето коюшкан.

XS
SM
MD
LG