Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

HRW жылдыздарды Кадыровдон алган белектерин кайтарууга үндөдү


Адам укугун коргоочу эл аралык "Хюман Райтс Уотч" уюму кинонун жана шоу-бизнестин дүйнөлүк жылдыздарын Грозныйда шаар күнүн майрамдоого катышканы үчүн Чеченстандын Москва колдогон президенти Рамзан Кадыровдон алган гонорарларынан жана белектеринен баш тартууга чакырды.

Майрамдык жөрөлгөгө Голливуддан Жан-Клод ван Дам, Хиллари Суонк, Кевин Костнер жана британиялык виоленчи Ванесса Мэй катышкан.
5-октябрдагы салтанаттан соң Кадыровдун 35ке толгону белгиленген.
Жергиликтүү маалымат булактары жылдыздарга мааракеге келишкени үчүн нак акча төлөнгөнүн жазышкан.

Укук коргоочулар Кадыровдун желдеттери адамдарды уруп-кыйнап, атүгүл өлтүрүп, адам укугун көзгө илишпейт деп айыптап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG