Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

Казакстанда кул болуп калган кыргыздар маселеси парламентте айтылды


Казакстанда укугу бузулуп, барымтага алынып, кулчулукта жүргөн кыргызстандыктарды чыгарып келүү боюнча мамлекет чара көрүшү керек. Мындай талапты өкмөт алдына бүгүн парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев койду.

"Ички, тышкы иштер министрликтери, Казакстандагы кыргыз диаспорасы, элчилик, консулдук коңшу мамлекеттин тиешелүү кызматтары менен макулдашып атайын рейд жүргүзүшү керек", - деди депутат.

Казакстанга иш издеп барган кыргызстандыктардын арасында акчасын, документтерин алдырып укугу тебеленип жаткандар көп экени коомчулукта айтылып келет. Бизнеси ийгиликтүү жүрүп жаткандар да бар. Алар казак жарандыгын алып, жаңы ишканаларды ачып, мекендештердин башын бириктирип, эмгектенип жатышат. Казакстандагы кыргыз эмгек мигранттарынын саны 60 миндин тегерегинде экени бейрасмий айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG