Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Бакиров: Мекемелер бизнес-борборго айланууда


Паспорт алуучулардан ошол паспорттук бөлүмдөн гана сүрөткө түшүүсүн талап кылып жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Мирлан Бакиров билдирди. Анын айтымында, паспорттук столдордун мындай талаптары мыйзамсыз. Ушундай эле көрүнүш мамлекеттик ооруканаларда да байкалып жатканы айтылды. Доктурлар сыркоолорго ошол ооруканадагы гана дарыканадан дары алуусун талап кылып жатышыптыр. Ал эми "Кыргызалко" ишканасынан 150 сомдук лицензияны алыш үчүн ошол мекеменин алдындагы жеке фирмадан документтерди даярдатууга 1,5-3 миң сом төгүш керек. Уруксат, өздүк документ алуу Кыргызстанда бир топ машакатуу иш экенин айткан жарандардын жана мекеме-уюмдардын арыздарын канааттандыруу үчүн чара көрүп жатканын өкмөт айтып келүүдө.(RK)

XS
SM
MD
LG