Ош шаарынын борбордук аянтында чогулгандар генерал Замир Молдошевдин кармалышына нааразы болуп чыгышкан деп билдирет "Азаттыктын" кабарчысы Эрнист Нурматов. Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Замир Молдошев 13-сентярбда президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү деп кармалган. Учурда Бишкекте тергөө абагында кармалууда. Митингге чыккандар мене шаардын вице-мэри Дастан Ходаев жолугуп, шаар башчысы Мелис Мырзакматов нааразы болгондордун талабын жогорку бийликке бир күндө жекире турганын айтты. Ошондон кийин чогулган 300 адам тарап кетти. (ErN/RK)