Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Оор атлетчи Митал Шариповго акчалай жардам берилет


Учурда катуу ооруп жаткан оор атлетчи, Азиянын эки жолку чемпиону Митал Шариповго Жогорку Кеңештин атынан 100 миң сомдук жардам берилмей болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Шайыр Маматокторов “Азаттыкка” билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков “Азаттыктын” интернет эрөөлүнө келип, окурмандардын суроолоруна жооп бергенде, көлдүк спорт күйөрманы Нурбек Карыбаев оор атлетчи Митал Шарипов эки ирээт операция болуп, жардамга муктаж экендиги айткан. Келдибеков оор атлетика федерациясынын президенти болгондуктан жардам берүүгө убада кылган.

Ашказанынан жана жоон ичегисинен эки ирээт операция болгон Шариповдун абалы оор бойдон экенин спорттук баяндамачыбыз Кабыл Макеш билдирди.

Эмгек сиңирген спорт чебери, 39 жаштагы Митал Шарипов Азиянын эки жолку чемпиону. Дүйнөлүк Намдью кубогунун эки жолку жеңүүчүсү.1994-жылы Хиросимадагы 12-Азия оюндарында коло медаль, Азия чемпионатында күмүш медаль уткан. Жети жолу жылдын мыкты спортчусу аталган. Кийинки учурда оор атлетика боюнча Кыргызстандын жаштар командасынын башкы машыктыруучу болуп иштеп жүргөн. (KMa/RK)

XS
SM
MD
LG