Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Фестиваль жаштарды шайлоого чакырат


“Республиканын жетишкендиктери” коомдук уюму шайлоону утурлай “Менин өлкөм - Менин тандоом - Менин келечегим” фестивалын уюштурууда. Бул медиа кампания жаштарды шайлоого жигердүү тартуу, жарандык жоопкерчилигин күчөтүү максатын көздөйт.

Бүгүн баш калаада өтө турган иш-чарада Бишкектин рэп ырчылары, брэйк бийчилери, “Таберик” бий ансамблинин өкүлдөрү жаштарга өз өнөрлөрүн көрсөтүп, 30-октябрда өтө турган шайлоого келүүгө үндөшөт.

Фестивал БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Демократиялык башкаруу” долбоорунун колдоосунда ишке ашууда.

“Менин өлкөм - Менин тандоом - Менин келечегим” фестивалы өзгөчө 18ге эми толуп, биринчи жолу добуш бере турган жаштарга багытталат. (ЕК)

XS
SM
MD
LG