Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Элдик кошуундарга курал бербөөнү расмий бекитүү керектиги айтылды


Элдик кошуундарга куралдын эч кандай түрү берилбеши керек. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиевдин кеңешчиси Эрлан Жусупов билдирди. Анын айтымында, учурда депутат Тербишалиевдин демилгеси боюнча "Элдик кошуундар жөнүндө" мыйзам долбоору иштелип жатат. Коомдук талкуудан өткөндөн кийин ал парламенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Бүгүн интернетте 14-октябрда болгон тегерек үстөлдүн катышуучуларынын Жогорку Кеңешке жолдогон кайрылуусу жарыяланган. Анда элдик кошуундарга курал берүүнүн демилгечиси катары депутат Тербишалиевдин аты аталган. Ал иштеп чыккан мыйзам долбоорун кабыл албоо сунушу айтылган. Кайрылууга президенттикке талапкерлердин, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кол коюшкан.

Алардын бири, "Демократия жана жарандык коом үчүн" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Динара Ошурахунова андай мыйзам долбоорун расмий булактардан көрө элегин "Азаттыкка" айтты. "Долбоордун өзүн көрө элекпиз. Бирок Тербишалиев ошондой оюн журналисттерге интервьюсунда айткан", - деди Ошурахунова.

Курамында 20 миңден ашуун адам бар Элдик кошуундар биримдиги былтыркы апрель окуяларынан кийин түзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG