Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Президент "Бешинчи канал" жөнүндөгү мыйзамга кол койгон жок


Буга байланыштуу таратылган маалыматта мындай чечим “Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндөгү” мыйзамда өкмөт тарабынан каржылоонун булагы аныкталбагандыгы менен түшүндүрүлгөн.
Президент бул мыйзамга кол коюудан экинчи ирет баш тартты. Парламент президенттин биринчи ветосун сентябрдын аягында карап, аны жеңген. Президент спикер Акматбек Келдибековго жиберген катында парламент өкмөттүн корутундусун албай туруп эле мыйзамдын мурдагы редакциясын кайра жактырган деп белгилеген.
Мыйзамга кол коюлса “Бешинчи канал” парламенттин карамагына өтмөк.
Буга чейин каналды парламенттик кылып кайра түзүү үчүн 300 миллион сом керектиги, аны каржылоого жылына 180 миллион сом сарпталары жана телеканалдын буга чейинки 40 миллион карызы бар экендиги мурда кабарланган.(BuS)

XS
SM
MD
LG