Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:55

Холмирзаевдин иши Сокулук сотунда каралат


Бүгүн Сокулук райондук соту Орусиянын жараны Усманжан Холмирзаевдин өлүмүнө шектүү делген Базар-Коргон ички иштер башкармалыгынын төрт кызматкеринин ишин карайт. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо борборунун өкүлү Дөөлөт Нусупов “Азаттыкка” билдирди. Аталган борбор соттук процесстин жүрүшүнө байкоо салмакчы.
Үстүбүздөгү жылдын 9-августунда Базар-Коргондо Холмирзаевдин ур-токмоктон мерт болгону боюнча 4 милиционерге кылмыш иши козголгон. 7-августта Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Холмирзаевди июнь коогалаңы боюнча суракка алып келишкен. Сурактан кайткандан кийин ал милиция кызматкерлери аны ур-токмокко алганын айткан. Эртеси күнү ал ооруканага жеткирилип, 9-августта каза болгон. Буга байланыштуу алгачкы соттук териштирүү 29-сентябрда өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG