Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Таласта 13 миң тоннага жакын төө буурчак экспорттолду


Талас облусунда быйылкы түшүмдөн 12 683 тонна төө буурчак экспорттолду. Бул тууралуу Талас облусунун губернаторунун пресс-катчысы Мухамеджан Суранчиев "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин жалпы төө буурчактын 87,8% жыйналды. Аны чет мамлекеттерге экспорттоо жүрүп жатат. Төө буурчакты Түркия, Болгария, Орусия, Македония, Румыния, Грузия, Сербияга 30дай фирма сатып алып кетүүдө. Ушул күнгө чейин 63,8 миң тонна төө буурчак чогулган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 7,5 миң тонна көп экенин кабарчыбыз Мирбек Айтикеев билдирди.(MbA/RK)

XS
SM
MD
LG