Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

БУУда Кыргызстандын арызы добушка коюлат


Бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны болот. Анда БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү шайланат. Азия чөлкөмүнөн бул орунга Кыргызстан менен Пакистандын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин жетекчисиниин орун басары Нуран Ниязалиев аталган жыйынга Кыргызстандын дипломаттары да катышып көз салаарын “Азаттыкка” билдирди. Кыргызстандык дипломаттар айрым өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү дале улантууда. Шайланыш үчүн БУУга мүчө өлкөлөрдүн кеминде 129унун добушун алыш керек. Ал эми БУУга 193 өлкө мүчө. Башкы ассамблеянын жыйынында ар кайсы чөлкөмдөн 9 өлкөгө добуш берилет. Добуш берүү жашыруун өтөт.

Эксперт, дипломаттар БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуу Кыргызстанга эл аралык аброй алып келээрин белгилешүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG