Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

АКШ Кыргызстанда кургак учукка каршы жаңы долбоорду баштады


АКШ Өкмөтү Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Кыргызстанда кургак учукка каршы күрөшүү боюнча жаңы долбоорду ишке ашыра баштады. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты. Беш жылга эсептелген долбоор аркылуу Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү дарынын күчү жетпей калган кургак учукту көзөмөлдөө, кургак учук боюнча лабораториялык тутумду чыңдоо, кургак учук/ВИЧ коинфекциясын клиникалык көзөмөлдөөнү жакшыртуу жана инфекцияларга көзөмөл жүргүзүүнүн эл аралык стандарттарын жайылтуу иштери жасалат. Айрым маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жашаган ар бир 100 000 адамдын 98и кургак учук менен ооруйт. (RK)

XS
SM
MD
LG