Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:45

Жалал-Абадда Орусияга барып иштөөчүлөрдүн агымы токтой элек


Жалал-Абадда Орусияга барып иштөөчүлөрдүн агымы токтой элек. Облус тургуну Таирбек Назаралиев жубайы Орусияда иштеп жаткан уулун Санкт-Петербург шаарына 21-октябрда жөнөткөнүн, андан бир күн мурда анын айылынан 5 бала Хабаровск шаарына иштөөгө кеткенин, жакында өзүнүн дагы башка уул-келинин Орусияга жиберүүгө аргасыз экендигин “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, жаштардын башка мамлекеттерден жумуш издөөсүнө элетте жумуштун жоктугу жана жашоонун оордугу себеп болууда, анткени үлүшкө тийген жер менен жан багуу мүмкүн эмес, бала-чакалуу үч уулунун үстүндө үйү жок. Бир үйдө анын аялынын пенсиясы менен Орусиядан балдары жиберген акчага 13 адам жашайт.

Губернатордун 1-орун басары Жумагүл Эгембердиева өткөн аптада иш издеп, облус аймагынан башка өлкөлөр менен республиканын ички аймактарына чыгып кеткен эмгек көчкүндөрүнүн саны 9 айда 82 миң адамдан ашканын, анын 55 миң 788и Орусияга кеткенин маалымдаган болчу. Орусияда жашап жаткан кыргыз эмгек мигранттарынын саны бейрасмий маалыматтар боюнча 1 миллионго чукулдап калганы айтылууда.(YA/RK)

XS
SM
MD
LG