Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Көзү азиз жаштарга машина айдоо мүмкүнчүлүгү тартууланды


Бул күндөрү Бишкекте көзү азиз жаштарга машина айдоо мүмкүнчүлүгүн тартуулаган социалдык акция өткөрүлүп жатат. "Феномен" коомдук фондунун жетекчиси Искендер Султаналиев иш-чарага жалпысынан жер-жерлерден чакырылган 43 киши катышаарын "Азаттыкка" айтты. Алардын арасында таптакыр көрбөгөндөр да, чала көргөндөр да бар. Бишкек автомектебинин машыктыруучуларынын жардамы менен алардын ар бири жарым сааттан рулду кармап, машина айдап жатышат. Акция автодромдо өтүүдө. "Жарым саатка болсо дагы алар бакытка бөлөнүп, өзүлөрүн коомдун толук кандуу мүчөсү экенин сезүүсүнө жардам бергендерге ыраазыбыз", -дейт Султаналиев. (RK)

XS
SM
MD
LG