Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Бишкекке жылуулук берүү тууралуу чечим кабыл алынды


Бишкек шаарынын Жылытууэлектрцентралынан (ЖЭЦ) камсыздалуучу объектилерге жылуулук бере баштоо тууралуу чечим мэрия тарабынан кабыл алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" ЖЭЦтен кабарлашты. Учурда жылуулук берүүчү жабдууларды ишке киргизүү башталып жатат.

Адатта алгач оорукана, бала-бакча жана башка социалдык объекттерге жылуулук берилет. Андан кийин турак үйлөргө бериле баштайт.

Кечээ Энергетика министрлигинде кеңешме өтүп, 28-30-октябрда Кыргызстандын аймагында абанын температурасы 1...6 градус нөлдөн жогоруга чейин төмөндөшүнө байланыштуу жылытууну баштоо чечими кабыл алынганын аталган министрликтин маалымат катчысы Зухра Маминова "Азаттыкка" билдирди.

Буга чейин Бишкекте жылуулук адатта ноябрда, 5 күн бою абанын температурасы +8 градустан жогорулабай калганда берилчү. (RK)

XS
SM
MD
LG