Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Ооганстанда НАТОнун базасына кол салынды


Ооган полициясынын билдиргенине караганда, НАТОнун Кандагар шаарындагы аскерий-жарандык базасына бир нече талиб кол салган. Андан чет элдик бир адис жана ооган аскери жаракат алды. Мындан сырткары базанын жанынан жардыруучу зат салынган кичи автобус жана эки мотоцикл табылган. Адистер аларды зыянсыздандырууга аракеттенүүдө.

Маалыматтарга караганда, кол салуу учурунда базада Кандагар провинциясынын губернаторунун, коопсуздук боюнча аймактык кызматтардын башчыларынын, эл аралык күчтөргө караштуу бөлүк командирлеринин катышуусунда жыйын өтүп жаткан. Алардын арасынан эч ким жабыр тарткан жок.

Кол салынган базада Кандагар провинциясында калыбына келтирүү иштерин аскерлер менен бирдикте жүргүзүп жаткан адистер жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG