Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

ЕБ 1 триллион евролук стабилдүүлүк корун түздү


Кечээ Евробиримдиктин лидерлери Италия жана Испания сыяктуу ири өлкөлөрдү колдоо үчүн 1 триллион евролук стабилдүүлүк корун түзүүгө макулдук беришти. Финансылык рынокко бул кабар оң таасир этти. Европанын баалуу кагаздарынын өтүмдүүлүгү 12 аптадан бери биринчи жолу жакшырды. Евронун да кубаты өсүп, 1 евро АКШнын 1 доллар 40 центине сатылып калды.

Ак Үйдүн кабарлашынча, АКШ президенти Барак Обама Евробиримдик “маанилүү чечимге” барганын белгилеп, эми кризиске каршы план тез аткарылат деген тилегин айтты.

XS
SM
MD
LG