Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:57

Таласта картошка иштетүүчү заводдун ачылыш күнү жылдырылды


Талас шаарында картошканы кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүү мөөнөтү жылды. Бул тууралуу кабарчыбыз Мирбек Айтикеев билдирет. Буга чейин аталган завод 1-ноябрда ачылмай болуп жаткан. Бирок Кыргызстан тараптан эки тараптуу келишимди аткаруу мөөнөтү кечеңдеп жаткандыктан улам ачылыш күнү 15-ноябрга жылды.

Заводду куруу тууралуу келишим 2008-жылдын август айында Кыргызстан менен Индия өкмөттөрүнүн ортосунда кабыл алынган. Индиялыктар 2 миллион 400 миң долларлык жабдуусун алып келди. "Кыргызагропродкорпорация" 21 миллион сомдук курулуш иштерин жүргүзмөк, бугүнкү күнгө карата 16 миллион сомдук иштер гана жасалды.

Завод ишке кирсе, бир суткада 20 тонна картошканы кайра иштете алат. Чипс жана картошканын топону түрүндөгү даяр продукциянын көлөмү 5 тоннага жетет. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG