Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Бишкекте айрым мугалимдер айлык акынын аздыгына нааразы болушууда


Бишкетин бир топ мектептеринде мугалимдер айлык акынын кеч жана мурдагысынан азыраак берилишине нааразы болушууда. Мугалимдердин айтымында, сентябрдын маянасы миң, эки миң сомго аз берилген. Билим берүү министрлиги менен Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы бөлүнгөн сааттарга байланыштуу айлыкта айырма болгонун айтышууда.

Кыргыз өкмөтү ушул жылдын 1-майынан тарта мугалимдердин айлыгы үч эсеге чейин көбөйөт деп билдирген болчу. Май айынын маянасын алган бир катар мугалимдер эмгек акы өкмөт убада кылгандай көтөрүлбөгөнүнө нааразы болушкан.

Жакында эле мугалимдердин айлык акысынын кечиктирилип берилишин премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Бабанов сындап, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу зарылдыгы белгиленген. Ал эми жер-жерлерде мугалимдер шайлоодон кийин айлык акыга байланыштуу өкмөткө кайрылышарын белгилешүүдө. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG