Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:47

Июнь коогалаңынын айынан карызга баткандар митингге чыгышты


Ушу тапта Ош шаарында былтыркы коогалаңда бизнесинен айрылып, ага чейин банктан алган кредитин төлөй албай кыйналып жаткандар митинг өткөрүп жатышат. Чогулгандардын саны 20дан ашык адам. Алардын бири Таалайбүбү Исалиеванын "Азаттыкка" билдиришинче, жалпысынан 83 ишкер кредитин төлөй албай, учурда банктар менен соттошуп жатышат. Кредиттин негизги суммасынан тышкары үстөк пайыздарынан чогулган суммасы да көп.

"Мен кийим саткан базарда соода кылчумун. Балдардын кийимин сатчумун. Былтыркы окуяда товарымдын баарын өрттөп кетишкен. Азыр эптеп кайра иштегенге аракет кылып жатам, бирок соода мурдагыдай эмес. Карызым 582 миң сомго жетти. Аны төлөгөнгө шартым жок. Күрөөгө койгон үйлөрүбүздү банктар алып коебуз деп жатышат", - дейт Исалиева.

Былтыр июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында чыккан улут аралык коогалаңдын айынан миңдеген ишкерлер бизнесинен айрылышкан. Алардын чыгымдары миллиарддап эсептелет. Өкмөт жардам көрсөтүүгө аракет жасап жатат. Бирок нааразы болгондор да аз эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG