Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Жалал-Абад: Облус тартибин сактоого алты миңдей адам катышат


Президенттик шайлоо күнү Жалал-Абад облусунун аймагындагы коомдук тартип менен коопсуздукту миңден ашуун милиция менен облустагы ички иштер аскер бөлүгүнүн жоокерлери, каржы полициясы менен салык жана бажы кызматкерлери сакташмакчы. Андан тышкары төрт миңден ашуун ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү көмөктөшөт. Бул тууралу 28- октябрда облустук ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында 27-октябрда алардын өкүлдөрүнө борбордук көчөдө өткөн жыйында 30- октябрда кандай иштөөнүн жол-жоболору үйрөтүлүп, кеп-кеңештер берилди. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG