Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:36

БШК: Одоно мыйзам бузуулар каттала элек


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Айнура Шайымкулованын билдиришинче, ушул тапта көбүнесе бармак белгинин өчүп калып жатканы тууралуу жана шайлоочулардын ысымдарын тизмеде таппай калып жатканына байланыштуу арыз, даттануулар түшүүдө. Бирок одоно мыйзам бузуулар каттала элек.

Мындан мурдаарак бир катар жаштар уюмдары бармак белги жуугандан кийин өчүп калып жатканын билдирип чыгышкан. Көп өтпөй он чакты адам БШК имаратына келип, ысымдары тизмеде жок экенин айтышып, нааразылык билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG