Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Молдокасымов: Мадумаровду каралоо аракети жүрүп жатат


“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын талапкери Адахан Мадумаровдун штабынын өкүлү Кыяс Молдокасымов Мадумаровдун үгүттөөчүсү шайлоочуларга акча таратты деген маалыматты жокко чыгарды. Муну “бийлик Мадумаровду каралап, чагым чыгаруу үчүн атайлап уюштуруп жатат”, деп айыптады. Анык тергөө жүрсө, кармалгандардын “Бүтүн Кыргызстанга” тиешеси жоктугу тастыкталат, дейт Молдокасымов.

Буга чейин ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Чүй облусунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан талапкер Адахан Мадумаровдун үгүттөөчүсү шайлоочуларга беш жүз сомдон таратып жүргөн жеринен колго түшкөнүн билдирген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG